<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><lyrics>[V1]
.Cm                     Fm
 Аалам-жердин Башчысын сүйүү жыргал,
.G                   Cm
 Аны менен ар дайым жүрүү жыргал.
.                           Fm
 «Азыр келип калса экен Атакем», - деп,
.G                       Cm
 Алдын тосуп, аздектеп күтүү жыргал.

[C1]
.   C           Fm
   Теңирим Ыйса менен болуу жыргал,
.  B               Eb
   Ыйык Рухка ар убакта толуу жыргал.
.   Cm                 Fm
   «Ырайымың, каныңды баалаймын», - деп,
.   G                        Cm
   Жүрөгүң Ыйса үчүн согуу жыргал.

[V2]
 Кереметин Кудайдын көрүү жыргал,
 Курч кылычтай сөздөрүн угуу жыргал,
 Кудайдан алган аян-ачылышты
 Бир туугандар бөлүшүп туруу жыргал.

[V3]
 Эң жогорку Теңирди даңктоо жыргал,
 Эгедерин эл-жердин мактоо жыргал.
 Эркиндикти тартуу кылган Теңирди
 Ээси кылып жүрөктө сактоо жыргал.</lyrics>
<title>Аалам-жердин Башчысын сүйүү жыргал,</title>
<key>Cm</key>
</song>